Казакстан Сирияга гуманитардык жардам жиберет

Казакстан Сирияга гуманитардык жардам жиберет

Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев өкмөткө тийиштүү тапшырма берди. Казакстандык куткаруучулар Түркиянын катуу жер титирөөдөн жабыркаган аймактарында издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө. Татаал шарттарга карабастан, алар жергиликтүү аткаруу органдары менен тыгыз байланышта өз милдеттерин натыйжалуу аткарып жатышат. Бул тууралуу президентке маалымат берген, өзгөчө кырдаалдар министри Юрий Ильин билдирди. Касым-Жомарт Токаев казакстандык куткаруучулардын ишине оң баасын берип, аларга ийгиликтерди каалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков