Чет элдеги Казакстан жарандары консулдук каттоодон өтүшү керек

Чет элдеги Казакстан жарандары консулдук каттоодон өтүшү керек

Казакстандын элчилиги аталган өлкөгө келген бардык мекендештерди тиешелүү чаралардан өтүүнү суранат. Ошентип казакстандык жарандар мамлекеттин коргоосунда болот, деп түшүндүрүштү дипломатиялык кызмат. Каттоо эсебинин маалыматтары өзгөчө кырдаал болгон учурда алар менен дароо байланышууга жана андан аркы аракеттер маселесин чечүүгө мүмкүндүк берүү үчүн кажет. Онлайн катталууга да болот. Буга байланыштуу Казакстандын Түркиядагы элчилигинин расмий сайтына кирип, анкета толтуруу зарыл.

Белгилей кетсек, катуу жер титирөөдөгү курмандыктардын саны 30 миңге жетти. Бул тууралуу Түркиянын чукул кырдаалдарды координациялоо борбору билдирди. Бирок издөө-куткаруу иштери дагы эле уланууда.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн 23 миллион адам жабыркаган. Аларга ыктыярчылар да жардам беришүүдө.

50 миңдей адамды тамак-аш менен камсыз кылабыз. Автобекеттин жанында талаа ооруканасы курулуп жатат. Аларды күнүнө эки жолу азыктандырабыз. Биздин топ 45ке жакын ыктыярчылардан турат. Алар үйлөрүн, үй-бүлөлөрүн жана жумушун таштап бул жакка жардам берип жатышат.

Ал эми Сирияда бүгүн үч жарым миңден ашуун адам каза болгону белгилүү. Өткөн жуманын аягында Ак каскачандар уюму издөө-куткаруу иштери аяктаганын жарыялады. БУУнун кызматкерлери жабыркаган аймактарга дары-дармектерди жана керектүү буюмдарды жеткирүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков