Казакстан Түркияга 55 тонна кошумча гуманитардык жардам жөнөтөт

Казакстан Түркияга 55 тонна кошумча гуманитардык жардам жөнөтөт

Казакстан катуу жер титирөөдөн жапа чеккен Түркияга кошумча 55 тонна гуманитардык жардам жөнөтөт. Колдоо президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасына ылайык көрсөтүлөт. Белгилей кетсек, бул маселе Астанада өкмөттүк комиссиянын жыйынында талкууланган. Жүк Түркиянын Газиантеп шаарына аба аркылуу жеткирилет. Ошол эле учурда казакстандыктар жабыркагандарга жигердүү колдоо көрсөтүүнү улантууда. Кахраманмарашта ата мекендик ыктыярчылар боз үйлөрдү тигишти. Эске салсак, бул шаар жер титирөөлөрдүн натыйжасында бир нече ирет кыйроого учураган. Бир күн мурун ал жакка Казакстандан жардам катары Инджирлик аскердик аба базасынан гуманитардык жүк жана боз үй менен кошумча 8 унаа жөнөтүлгөн. Ал арада ата мекендик куткаруучулар табигый кырсык болгон жерлерде издөө-куткаруу иштерин улантышууда. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кызматкерлеринин күчү менен акыркы маалыматтар боюнча 7 адам куткарылды. Каза болгон 88 адамдын, анын ичинде 10 баланын сөөгү табылды. Ошондой эле, ата мекендик дарыгерлер жабыркаган 140тан ашык тургунга алгачкы медициналык жардам көрсөтүштү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков