Павлодарда геологиялык музей ачылат

Павлодарда геологиялык музей ачылат

Көздүн жоосун алган 600дөн ашык экспонаттардын арасынан планетанын алп таштарын – жерде эле эмес, асмандагы метеориттерди да кездештирүүгө болот. Бул уникалдуу экспонаттарды Надежда Ларина жана Дина Липихина 20 жылдан ашык убакыт бою чогулткан.

Дина Липихина, геолог:

- Ар бир музейдей эле биздин музейдин да өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Бул асман дүйнөсүнүн сырдуу геологиялык түзүлүштөрү - метеориттердин жаракалары, астероид калдыктары жана кометалар. Башкача айтканда, жерге мүнөздүү эмес космостук нерселер.

Музейдин фондусу дагы да толукталат. Пайдалуу кендерге бай Койнау аймагынын окумуштуулары менен катар тургундар да табылган өзгөчө үлгүлөрдү музейге тапшырышат.

Надежда Ларина, геолог:

- Бизде граниттин кору мол, жада калса алмаз да бар. Бирок көлөмү аз. Ошондуктан, изилдөө демилгеси көтөрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө адам буту баспаган бир дагы жерде гранит жок. Кээ бир металлдар кум болушу мүмкүн. Бул минерал биздин планетада гана бар. Демек, аны жердин кайталангыс символу катары кароого болот.

Музейдеги айрым экспонаттар чет өлкөлөрдөн алынып келинген. Мисалы, АКШ, Германия жана Орусиянын аймагында он миллиондогон жылдардан ашкан кометалар, комета тетиктери, метеориттер, астероиддердин сыныктары табылган. Азыр музейдин кызматкерлери туз, кум түрүнө кирген элементтерин чогултуп жатышат.

Которгон: Илгиз Жамлабеков