Казактын кара домбрасын жасоонун эски сырлары

Казактын кара домбрасын жасоонун эски сырлары

Ал тургай, казактын кара домбрасын чет өлкөдөн сатып алуучулардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Абай районунун тургуну улуттук аспапты жасоо менен алектенет. Колунан көөрү төгүлгөн Болат Шаманбай ушул убакка чейин 20 миңден ашык домбыра жасаган. Домбраны даяр калыпка жеткирүү - узак жана чыдамдуулукту талап кылган эмгек. Анткени ар бир бөлүкчө аспаптын добушуна таасир этиши мүмкүн. Обондуу жана тунук үн чыгуу үчүн жыгачтын ролу да чоң.

Болат Шаманбай, чебер:

- Денеси, моюну, башы кайыңдан, ал эми бети карагайдан жасалат. Бул эң жөнөкөй жана жеткиликтүү материалдар. Үнү да жакшы чыгат. Домбралар да жакшы. Деген менен бул профессионалдуу домбралар эмес. Алар кымбат материалдан жасалат, анын үстүнө көп убакытты талап кылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков