Түркияда кайрадан жер титиреди

Түркияда кайрадан жер титиреди

Бул тууралуу өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди. Жер титирөөнүн кесепетинен үч адам каза болуп, эки жүздөн ашуун адам жаракат алган. Мындай маалыматты Түркиянын Ички иштер министрлиги маалымдады. Ошондой эле, имараттар талкаланып, бир нече жерде издөө-куткаруу иштери башталганы кабарланды. Жер титирөө Египетте, Израилде, Кипрде, Ливанда жана Сирияда да сезилди.

ТИМ: биринчи жер титирөөдөн кийин казакстандыктардан 1200дөй арыз түштү

Ошондой эле, бир күн мурда өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы биринчи катуу зилзала болгон аймакта 190 казакстандык болгонун кабарлады.  Бүгүнкү күндө ата мекендик дипломаттардын жардамы менен алар Анкара жана Стамбулдагы коопсуз жайларга көчүрүлдү. Буга кошумча, айрым мекендештер гуманитардык жүк ташыган учактар ​​менен өлкөгө кайтып келгени айтылды.

Айбек Смадияров, ТИМ башма сөз катчысы:

- Өлкөгө кайтууга мүмкүнчүлүгү жок айрым жарандарга авиабилет алууга жардам берилди. Кырсык болгон аймактардан мекенине кайтууну каалаган 78 мекендеш Алматы жана Астана шаарларына учак менен жеткирилди. Бул учактар ​​менен Казакстанга 24 кыргызстандык жана 5 түрк жараны келген. Турак жайга муктаж адамдар Алматыдагы жана борбордогу мейманканаларга жайгаштырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков