Казакстан куткаруучулары: биринчи күнү 24 саат бою үзгүлтүксүз иштедик

Казакстан куткаруучулары: биринчи күнү 24 саат бою үзгүлтүксүз иштедик

Бул тууралуу Астана шаарынын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын куткаруучулары билдирди. Алардын айтымында, биринчи адамды сактап калууга 5-6 саат убакыт кеткен. Адистер урандылардын астында калган адамдарды табуу үчүн тепловизор жана кызматтык иттерди колдонушкан.

Исламбек Амангединов, башкы куткаруучу:

- Урандылардын астынан тирүү адамды тапканда кубанычыбызда чек болбоду. Адамдардын үнү урандылардын астынан чыгып жатты. Бул учурда, алардын кайда экенин тез аныктоого болот. Урандылардын астынан тирүү адамды табабыз дегенге ишенүү кыйын эле. Биздин отряд күнү-түнү тынымсыз иштеди. Эл биздин кызматыбызга ыраазы болуп, рахматтарын айтышты.

Жер титирөө болгон аймакта иштеген кинологдор жана медицина кызматкерлери өлкөгө келип, кадимки жашоого кайтышты. Алар бардык мамлекеттик куткаруучуларды эсептегенде кырсык болгон жерден эң акыркы болуп кайтышкан.

Күлшимбаев Ибрагим, өзгөчө кырдаалдар биринчи вице-министри:

- Түркиянын үч аймагында издөө-куткаруу иштери башталгандан бери Казакстандын өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук кызматынын куткаруучулары тарабынан 7 адам куткарылып, 88 адамдын, анын ичинде 10 жаш балдардын сөөгү урандылардын астынан чыгарылды. Куткаруучулар кол менен, ошондой эле инженердик жабдууларды, авариялык-куткаруу шаймандарды колдонуу менен 250 миң куб метрден ашык урандыларды тазалашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков