XIX кылымга таандык уникалдуу экспонат Павлодардагы музей фондун толуктады

XIX кылымга таандык уникалдуу экспонат Павлодардагы музей фондун толуктады

Облусттун тургундарынын бири шокпар тартуулады. Бул урма куралдын эң байыркы түрү. Ал оор союл түрүндө жыгачтан жасалат. Серепчилер шокпарды 19-кылымга таандык деп эсептешет. Белгилей кетсек, казак элинин каада – салттарынын бири болгон аскердик курал – жарактарды урматтоо аны таза бойдон сактоого мүмкүндүк берген.

Жеңис Кадыр уулу, тарых-чөлкөм таануу музейинин бөлүм башчысы:

- Эски шокпар үй-бүлөдө көпкө чейин эстелик катары сакталып келген. Бул куралдын түрүн ата-бабаларыбыз жакын кармашууда колдонушкан. Айта кетсем, бул дасыккан баатырдын колундагы өтө күчтүү аскердик курал.

Которгон: Илгиз Жамалбеков