Астанада калкты тейлөө кызматы документтерди жөнгө салган атайын терминалдар ишке кошулду

Астанада калкты тейлөө кызматы документтерди жөнгө салган атайын терминалдар ишке кошулду

Борбор калаадагы калкты тейлөө борборлорунун биринде документтерди тариздөөчү жаңы терминалдар ишке кирди. Эми өлкөнүн каалаган жараны бул аппараттардын жардамы менен эч ким менен кайрылбастан аталган кызматка буйрутма бере алат. Атайын жабдылган терминалдар документти бир нече мүнөттүн ичинде басып чыгарат.

Куандык Жайлашев, долбоор жетекчиси:

- Буга чейин кардарларга ID карта жана паспортко буйрутма берүү үчүн 30 мүнөт талап кылынчу. Алгач аны фотограф өзүнчө тартып, андан соң мамлекеттик алымды касса аркылуу төлөп, миграция кызматынын адиси аркылуу арыз толтурчу. Документтөө терминалы аркылуу кызматка буйрутма берүү үчүн кардарга болгону 10 мүнөт керектелет. Кардар алгач өзүнүн бардык маалыматтарын киргизет, андан кийин сүрөткө тартып, фотокөчүрмөдөн кийин кол коет, экинчи деңгээлдеги банктардын QR кодун колдонуу менен мамлекеттик алымды төлөйт. Арызды толтургандан кийин миграция кызматынын кызматкерине барып, аталган арызды жөнгө салат. Бул долбоордун уникалдуулугу кардар кызматка өз алдынча буйрутма берип, өзүнө жаккан сүрөттү тандап алат.

Азыр мындай 4 терминал орнотулган. Келечекте бул долбоорду жалпы республика боюнча ишке ашыруу пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков