Казакстанда KIDS GO FREE программасын субсидиялоого 70 миллиондон ашык каражат бөлүндү

Казакстанда KIDS GO FREE программасын субсидиялоого 70 миллиондон ашык каражат бөлүндү

Маданият жана спорт министрлигинин маалыматына караганда, долбоордун аркасында балдар өлкө ичинде акысыз уча алышат. Кичинекей туристтер менен ата-энелер арасында, айрыкча эң популярдуу багыттар болуп Актау, Алматы жана Түркестан аталды. Ошол эле учурда бардык сатылган турлардын 50%дан ашыгы Мангыстау облусуна тиешелүү. Быйыл кеминде 2000 баланы жана 1000 үй-бүлөнү камтуу милдети турат. Бул үчүн туроператорлорго коюлган талаптар жөнөкөйлөштүрүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков