Казакстандык окуучулар бир мезгилде казак күүлөрүн аткарды

Казакстандык окуучулар бир мезгилде казак күүлөрүн аткарды

Нооруз майрамына карата өлкөнүн орто жана кесиптик билим берүү уюмдарында Күү күмбири аттуу челлендж болуп өттү. Иш-чаранын алкагында окуучулар Улуу талаа музыканты, күүнүн атасы Курмангазынын чыгармаларын аткарышты. Негизги максат – нукура маданий мурастарды сактап, казактын домбрасынын күчүн балдар арасында даңазалоо. Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чарага 7000ден ашык билим берүү борборлору жана миллиондон ашык окуучулар катышты. Борбор калаадагы Алихан Бөкейхан атындагы мектеп-лицейинин окуучулары да артта калышкан жок.

Жүлдыз Ишенбай, А. Бөкейхан атындагы №76 мектеп-лицейинин окуучусу:

- Мен домбрада 10 жашымдан бери ойнойм. Себеби, казактын улуттук аспабын үйрөнүп, өнүктүргүм келет. Алихан мектебинде өзүбүздүн домбраны көрсөтүү үчүн домбра чертебиз. Мындай иш-чаралар тез-тез болуп турса, улуттук аспабыбызды өнүктүрөбүз жана домбра Казакстандын улуттук аспабы экенин бүт дүйнөгө жайылтабыз.

Рамазан Ерденов, А. Бөкейхан атындагы №76 мектеп-лицейинин окуучусу:

- Мен күү чертүүчү болгум келет, анткени чоң атам атактуу күүчү болгон. Ошондуктан мен анын жолун жолдогум келет. Домбрада мыкты ойной турган ийримге киргениме үч жыл болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков