Шайлоо кезиндеги коомдук коопсуздукту 45 миң полиция кызматкери камсыздоодо

Шайлоо кезиндеги коомдук коопсуздукту 45 миң полиция кызматкери камсыздоодо

Бул ишке 45 миңге жакын ички иштер органдарынын кызматкерлери тартылган. Мындай билдирүүнү өлкөнүн Ички иштер министрлигинин административдик полиция комитетинин төрагасы атайын брифингде билдирди. Анын айтымында, шайлоо участкаларында абал туруктуу, тартип бузуу фактылары катталган эмес. Мыйзам бузуулардын алдын алуу үчүн кошумча тергөө топтору түзүлгөн. Бардык шайлоо участкаларындагы коопсуздук алдын ала тыкыр текшерилди. Мындан тышкары, укук коргоо кызматкерлери бюллетендерди шайлоо участкаларына жеткирүүнү камсыз кылышты.

Кайсар Султанбаев, ИИМнин административдик полиция комитетинин төрагасы:

«Шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 39-беренесине ылайык, полиция  кызматкерлери шайлоо процессине кийлигишүүгө, ошондой эле добуш берүүчү кабиналарда болууга укугу жок. Ошондуктан, бул жаатта коомдук тартипти бузууга жол бербөө максатында комиссиянын төрагасынын чакыруусу менен гана шайлоо участкаларына барышат. Жалпысынан азыркы учурда өлкөдө жана шайлоо участкаларында абал туруктуу. Коомдук тартипти бузуу фактылары катталган жок.

Которгон: Илгиз Жамалбеков