Серепчилер: Казакстанда көп партиялуу система өнүгөт

Серепчилер: Казакстанда көп партиялуу система өнүгөт

Ата мекендик серепчилердин баамында, Парламенттеги партиялардын саны кеминде эки эсеге көбөйүшү мүмкүн. Саясий жарышка өзүн-өзү сунуштап, бир мандаттуу округдун жүгүн аркалап келгендер бар. Бул сапаттын жогорулашына салым кошоору айтылууда. Башкача айтканда, атаандаштык болсо, натыйжа жемиштүү болот.

Амина Үрпекова, КСИИ саясий изилдөөлөр бөлүмүнүн башкы серепчиси:

- Бул эмнени түшүндүрөт? Өзүн-өзү көрсөткөндөрдүн серепчилик пикирлери бар. Парламентте өздөрүн көрсөткөн мыкты идеялар болот. Пикир алмашып, демилгени ишке ашырууга колдон келишинче аракет кылат. Талаштан тактык жараларын эске алганда, ага  жараша сапаттуу мыйзамдар кабыл алынат.

Бул жолку талапкерлер мурункулардан айырмаланып турат. Жаңыланган команданын жүгү оор. Айтылган сөз атылган ок менен барабар. Эгерде убада аткарылбаса - мандат кайтарылып алынат. Эл шайлаган өкүлдөр дароо сөздөн конкреттүү ишке өтүп, өлкөгө пайдалуу экенин далилдеши керек. Саясий платформада абийирдүү партиялар гана калат. Андыктан жаңыланган системанын үзүрүн көрө турган күн алыс эмес дешет адистер.

Ермек Токтаров, КСИИ стратегиялык талдоо бөлүмүнүн бащчысы:

- Бул шайлоо –  жыл ичинде ишке ашырылган реформалардын жыйынтыгы. Албетте, бул дагы анын этабы. Жаңы чакырылыш түзүлдү. Депутаттардын аты-жөнү белгилүү болот. Андан соң жаңы Өкмөт түзүлөт. Биз жакын арада бул шайлоо циклинин аягына чейин келебиз. Ошондо гана жаңыланган конституциянын негизинде курулган саясий система ишке ашып, анын жыйынтыгын көрөбүз. Мажилистин жана жаңы чакырылыштын депутаттарынын иши канчалык натыйжалуу болорун бир жылдан кийин күбө болобуз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков