Парламент Мажилиси депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары

Парламент Мажилиси депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары

Добуш берүү укугуна ээ болгон 12 миллиондон ашык казакстандыктын 6 миллиондон ашыгы өз тандоосун жасады. Партиялык тизме боюнча эң көп добушту “Аманат” партиясы алды. Ага жарандардын 53,90%ы добуш берди. Мекендештердин 10,90%ы “Айыл” элдик-демократиялык патриоттук партиясына ишеним көрсөтсө, “Республика” партиясы шайлоочулардын 8,59%дык добушун жыйнады. Казакстандын “Ак жол” демократиялык партиясы – 8,41%, Казакстан Элдик партиясы – 6,80% жана Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы – 5,20%дык ишенимге ээ болушту. Шайлоочулардын эң аз добушун “Байтак” жашылдар партиясы алды. Ошондой эле, бир мандаттуу аймактык шайлоо округдары боюнча шайлоонун алгачкы жыйынтыктары да белгилүү болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков