Казакстанда айыл чарба тармагында бир нече долбоорлор жүзөгө ашырылат

Казакстанда айыл чарба тармагында бир нече долбоорлор жүзөгө ашырылат

Маселен, Түркестан облусунда жакынкы эки жылда 19 жаңы имарат пайда болот. Облуста пахтаны кайра иштетүүчү заводдору, жүгөрүнү терең иштетүүчү өндүрүштүк жайы, крахмалды кайра иштетүүчү цехти ачуу көздөлүп жатат. Ошондой эле бакча өсүмдүктөрүн жана мөмө-жемиштерди азык-түлүккө айландырган агроөнөр жай комплексин түзүү долбоору башталат. Буга кошумча тоют даярдоочу үч завод курулат. Жалпысынан облуста 89 миллиард теңгеге жакын долбоорлорду ишке ашыруу мерчемделүүдө. Шымкентте 15 миллиард теңгеге 9 айыл чарба долбоору пайдаланууга берилип, жыл аягына чейин күнөскана комплекси пайда болот. Мындан тышкары сүттү кайра иштетүү долбоорун ишке ашыруу каралууда. Ошондой эле, шаарда бройлердик канаттуулар фабрикасы курулуп, картошка, жашылча кампалары ишке кирүүсү күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков