Казакстанда ички туристтердин саны артты

Казакстанда ички туристтердин саны артты

Былтыр 8,5 миллиондон ашык жаран чет өлкөдө эс алуунун ордуна өз мекенинде эс алууну туура көрүшкөн. Ички туризмдин мындай көрсөткүчтөрү тууралуу Маданият жана спорт министрлиги маалымдады. Серепчилер бул көрсөткүчтөр 2021-жылдын деңгээлинен дээрлик 2 миллион адамга көп экенин белгилешет.

Акмарал Менлибек, маданият жана спорт министрлигинин алдындагы комитет башкармалыгынын башкы серепчиси:

- Ички туризм биз үчүн чет элдик конокторду тартуудан кем калышпайт. Маселен, бир жылдан ашык убакыттан бери «Kids Go Free» программасы иштеп жатат, анын аркасында Казакстанда балдар акысыз каттамдар менен камсыз болууда. Ошондой эле өлкө ичинде саякаттаган жарандар үчүн туристтик кэшбэк киргизүү пландалып жатат. Биз дагы эле бар багыттардын үстүндө иштеп, ички туризмге болгон кызыгууну арттыруудабыз.

Сунуштардын ар түрдүүлүгү да ички турларга суроо-талаптын өсүшүнө таасирин тийгизген. Бир сөз менен айтканда, казакстандыктар кайда эс ала турганын жана эмнени тандай турганын билет. Өлкөдө туристтик инфраструктуранын жаңы объектилери – ресторандар, маданий оюн-зоок борборлору, мейманканалар жана эс алуу зоналары жигердүү ачылууда. Ошентип, 2022 – жылы үч жүзгө жакын жайгаштыруу орундары кошулуп, жалпысынан 4 миңге жетти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков