Казакстанда бир суткада коронавирусту 820 адам жуктурду

Казакстанда бир суткада коронавирусту 820 адам жуктурду

Өткөн суткада дагы 474 адам коронавирустан айыгып чыкканы белгилүү болду. Ошентип, кооптуу инфекцияны жеңип чыккандардын жалпы саны 114 миң 821 адамга жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө COVID-19 инфекциясынын 820 жаңы учуру аныкталды. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 128 миң 400 адамды түздү.

Региондордогу эпидемиологиялык абал:

Нур-Султан шаары - 15762 (+77)

Алматы шаары - 15802 (+77)

Шымкент шаары - 5345 (+11)

Акмола облусу - 4836 (+75)

Актөбе - 3469 (+7)

Алматы облусу - 5605 (+30)

Атырау  - 11571 (+14)

Чыгыш Казакстан облусу - 15741 (+164)

Жамбыл  - 4366 (+14)

Батыш Казакстан облусу - 7871 (+37)

Караганды облусу - 11009 (+19)

Костанай  - 4975 (+63)

Кызылорда - 3289 (+3)

Маңгыстау - 3431 (+3)

Павлодар облусу - 5910 (+110)

Түндүк Казакстан облусу - 5950 (+114)

Түркестан облусу - 3468 (+2).

Ал тапта өткөн суткада коронавирустук инфекциянын белгилери менен пневмониянын 168 жана  2 өлүм учуру катталды. Мындан тышкары, 82 адамга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Баш оона айынын 1 бери бейтаптардын жалпы саны 41 595, каза тапкандар 434, ал эми сакайып чыккандардын саны 30 289 жетти.

 

Фото: gordonua.com