Казакстандык ІТ стартаптар дүйнөнү багындырууда

Казакстандык ІТ стартаптар дүйнөнү багындырууда

Мисалы, канадалык биотехнологиялык компания дары-дармек чыгарууга байланыштуу лабораториялык иштердин жыйынтыгын көбөйтө турган ата мекендик долбоорго кызыкдар. Жасалма интеллекттин негизинде түзүлгөн система фармацевтикалык өнүмдү өндүрүү үчүн керектүү молекулярдык талдоолорду жүргүзөт. Азыр анын көмөгүнө КМШ жана Европа мамлекеттеринин бир катар тармактык мекемелери таянып жатышат.

Даукен Сейткали, долбоор автору:

- Биздин кардарлар, биотехнологиялык компаниялар, өз белокторунун 3D моделдерин жөнөтүшөт. Бул кандайдыр бир илдетке байланыштуу болот. Биз бул платформаны аны жок кылуучу же бекемдөөчү молекулалардын тизмесин жана формулаларын даярдоо үчүн колдонобуз. Бул тизмени колдонуу менен алар эң натыйжалуу түрлөрүн тандап алып, лабораториялык иштерин 10-100 эсеге ылдамдатат.

Казакстандык окуучулар тарабынан өзгөчө муктаждыктары бар балдарды айыктыруу үчүн иштелип чыккан бул мобилдик тиркеме эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун да көңүлүн бурду. Программада адаптацияга багытталган 10 китеп жана оюндар камтылган.

Амина Смагулова, долбоор авторлорунун бири:

- Чын куран айынын аягында Стэнфорд университетинде өткөн эл аралык неврология форумунда долбоорубузду көрсөттүк. Окумуштуулар, профессорлор биздин методикага жогорку бааларды беришти. Алардын айтымында, бул алар иштеп жаткан бирден бир маанилүү долбоор.

Оюндар аркылуу жаштардын аң-сезимин өнүктүрүүгө багытталган ата мекендик мобилдик тиркеме азыр эл аралык рынокко чыгууда. Бир айдын ичинде IBARS долбоору миңдеген казакстандык балдардын сүйүктүү оюнуна жана балдарды тарбиялоодо ата-энелердин ишенимдүү жардамчысына айланды.

Алтынбек Султанкулов, долбоор жетекчиси:

- Бул оюн боёо аркылуу баланын ой жүгүртүүсүн, интеллектуалдык жана эс тутумун, чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрөт. Биздин оюн казак тилинен тышкары орус жана англис тилдеринде жеткиликтүү. Жакынкы жарым жылда Борбор Азия жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнө чыгуу пландалууда.

Бул NURIS бизнес-инкубация жана акселерация программаларынын кезектеги бүтүрүүчүлөрү. Белгилей кетсек, 2016-жылдан бери программага 500гө жакын долбоор катышып, 200дөн ашууну ийгиликтүү ишке ашып, рынокко чыккан. Бүгүнкү күндө алар аркылуу 1,3 миллиард долларга жакын инвестиция тартылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков