Казакстанда мамлекеттик органдардын петицияны кароо мөөнөттөрү кыскарат

Казакстанда мамлекеттик органдардын петицияны кароо мөөнөттөрү кыскарат

Эми борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдары арыздарды 40 күн жана 20 күн ичинде карап чыгышы керек. Мурда бул процесс эки айга чейин созулчу. Мажилис «Коомдук көзөмөл жөнүндө» мыйзамды жана ага кошулган түзөтүүлөрдү кабыл алды, анда өлкөдө петиция институтун түзүү каралган. Документ өлкө жарандарынын социалдык жигердүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Бул мыйзам Жогорку Кеңештин Жогорку палатасына жөнөтүлдү. Мыйзамдын алкагында өлкөдөгү коомдук көзөмөлдүн объектилерине “Самрук-Казына” улуттук фонду жана ага караштуу компаниялар кирет. Кошумчалай кетсек, бул тизмеде аскердик бөлүктөр жана аскердик окуу жайлары, Назарбаев университети жана Назарбаев интеллектуалдык мектептери бар.

Мажилис ЖККУга тиешелүү мыйзамдарды кабыл алды

Ошондой эле, Мажилистин депутаттары Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна тиешелүү 3 мыйзамды кабыл алып, бекитүүгө Сенаттын кароосуна жөнөтүштү. Бул документтер бардык тараптардын өз ара мамилелерин жөнгө салууга багытталган. Башкача айтканда, уюмга мүчө өлкөлөрдүн коргонуу тармагын заманбап курал-жарактар, аскердик жана атайын техникалар, материалдык каражаттар, анын ичинде медициналык жабдуулар менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Султан Камалетдинов, Коргоо министринин орун басары:

- Сиздерге Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлерин биргелешип материалдык-техникалык жана медициналык жактан камсыз кылуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору сунушталууда. Макулдашууга 2021-жылдын аяк оона айынын 16да Дүйшөмбү шаарында жамааттык кеңештин жыйынында кол коюлган. Макулдашууну ратификациялоо жамааттык күчтөрдү жогорку күжүрмөн даярдыкта кармоого мүмкүндүк берет, бул эл аралык коопсуздукка чакырыктарга жооп кайтарууну камсыз кылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков