Быйыл Казакстанда ички туристтердин саны 9 миллионго чейин жетет

Быйыл Казакстанда ички туристтердин саны 9 миллионго чейин жетет

Маданият жана спорт министрлигинин маалыматы боюнча, алардын саны 9 миллионго чейин көбөйүшү мүмкүн. Ошондой эле, мекеме өлкөдө эс алуу жайларынын саны көбөйгөнүн белгиледи. Мисалы, 2022-жылы 284 мейманкана курулат. Ошентип, алардын жалпы саны 4 миңге жакындайт. Ал жерде 200 миңден ашык турист эс ала алат. Алматы, Астана, Шымкент, Актау жана Атырау ички туризмдин эң популярдуу багыттары болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков