Казакстан Лондондогу беделдүү кинофестивалда мыкты аталды

Казакстан Лондондогу беделдүү кинофестивалда мыкты аталды

Лондондо өткөн бешинчи Евразия кинофестивалынын Гран-при сыйлыгы режиссер Марина Кунарованын «Улы дала зары» тасмасына ыйгарылды. Тасма 1920-1930-жылдардагы тарыхый окуяларга негизделген. Чыгарма казакстандык адистер жана көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланды. Акбөбек Толжанованын «Уйкудагы сулуунун ойгонушу» аттуу эмгеги көрүүчүлөрдүн көңүлүнө толду. Орус тилиндеги эң мыкты сценарий деп Жорабек Мусабаевдин «Үй» тасмасы таанылды. «Мыкты жаш режиссёр» номинациясында шымкенттик Саид Аширбаев «Тандалган» тасмасы менен жеңишке жетти. Калыстар тобу казакстандык тасмалардын мазмуну көрүүчүлөр үчүн терең жана эсте каларлык деп баалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков