Казакстанда биринчи жолу жаш жазуучулар жана акындар президенттик адабий сыйлыкка ээ болушат

Казакстанда биринчи жолу жаш жазуучулар жана акындар президенттик адабий сыйлыкка ээ болушат

Жеңүүчүлөр төрт номинация боюнча аныкталат. Булар «Проза», «Поэзия», «Драматургия» жана «Балдар адабияты». Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөргө наам, диплом, төш белги жана акчалай сыйлыктар тапшырылат. Сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки жазуучулар катыша алат, деп маалымдайт Маданият жана спорт министрлиги. Арыздарды кабыл алуу кагаз жана электрондук түрдө бугу айынын 1де башталып, 30да аяктайт. Негизги шарт – сунушталып жаткан эмгектер мурда республикалык жана эл аралык сынактарга катышпаган жаңы болушу керек. Белгилей кетсек, сыйлык жаш таланттарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана казакстандык авторлордун жаңы муунун калыптандырууга багытталган.

Актилек Тажи, маданият жана спорт министрлиги комитетинин башчы орун басары:

- Бул сыйлык жаш авторларды гана эмес, муну менен катар казак тилдүү контенттерди колдоо катары болуп саналат. Маданият жана спорт министрлиги драматургдарыбызды өнүктүрүүгө чоң көңүл буруп, спектаклдер көбүрөөк коюлууда. Бул сыйлыктын аркасында драматургдарыбыздын жаңы тобу пайда болуп, алардын чыгармалары театрларыбызда коюлат деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков