60 миңден ашык казакстандык пенсия аннуитети келишимин түзгөн

60 миңден ашык казакстандык пенсия аннуитети келишимин түзгөн

Бүгүнкү күндө 61 миңге жакын казакстандык өздөрүн пенсиялык төлөмдөрү менен камсыз кылышты. Алар өмүрүн камсыздандыруу компаниясы менен жалпы суммасы 283 миллиард теңгеге пенсиялык аннуитети келишимдерин түзгөн. Бул тууралуу атайын брифингдин жүрүшүндө Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин өкүлү Саги Ажибек маалымдады. Ал пенсиялык аннуитети келишимине ушул жылдын үчтүн айынын 1нен баштап турууга болоорун эскертти. Бул камсыздандыруу өнүмү боюнча жарандар 45 жаштан баштап келишим түзө алышат. Алар өз аманаттарын жашоону камсыздандыруу компанияларынын эсебине которушат. Быйыл келишимде жубайлардын катышуусуна мүмкүнчүлүк берген биргелешкен аннуитеттерди киргизүү мерчемделип жатат. Эгерде бир адамда аннуитетти сатып алуу үчүн пенсиялык топтоо каражаты жетишсиз болсо, ал эми анын жубайында андан көп болсо, биргелешкен пенсиялык аннуитети аркылуу экөөнө тең өмүр бою төлөмдөр камсыз кылат.

САГИ АЖИБЕК, КАМСЫЗДАНДЫРУУ РЫНОГУ ЖАНА АКТУАЛДУУ ЭСЕПТӨӨЛӨР ДЕПАРТАМЕНТИНИН КАМСЫЗДАНДЫРУУ РЫНОГУН ӨНҮКТҮРҮҮ БАШКАРМАСЫНЫН БАШЧЫСЫ:

 - Азыркы убакытта өмүрдү камсыздандыруучу рынокто тогуз компания бар, алардын бешөөсүнүн кызматы лицензиянын негизинде жүргүзүлөт жана мамлекеттин көзөмөлүндө турат. Камсыздандыруу төлөмдөрүнө кепилдик берүү фонду эсебинен пенсия аннуитети төлөмдөрүнө кепилдик берилет. Бул өмүрдү камсыздандыруу компаниясы банкрот болгон учурда пенсиялык аннуитети боюнча үзгүлтүксүз төлөмдөрдү жана камсыздандырылуучунун алдындагы милдеттенмелердин үзгүлтүксүз аткарылышын камсыздайт.

Жаңы эрежелерге ылайык, эркектер үчүн пенсиялык аннуитети келишимин түзүү үчүн жетиштүү сумма 6 миллион 700 миң теңге, ал эми аялдар үчүн 9 миллион теңге болууга тийиш. Бүгүнкү күндө өлкөдө мындай келишимге кол коюуга каржысы жетиштүү адамдардын саны 70 миңдин тегерегинде.