Түркестан Дүйнөлүк мурас шаарлары тизмесине расмий кабыл алынды

Түркестан Дүйнөлүк мурас шаарлары тизмесине расмий кабыл алынды

Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору - Түркестан шаары Дүйнөлүк мурас шаарлары уюмуна расмий түрдө кабыл алынды. Бул тууралуу шаардын акиминин басма сөз кызматы билдирди. Бул өз кезегинде Кожа Ахмед Яссауинин мавзолейине туристтердин көбүрөөк келүүсүнө шарт түзөт.

Белгилей кетсек, уюм мүчө шаарларга ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүүнүн талаптарына ылайыкташып, аларды башкаруу ыкмаларын өркүндөтүүгө жардам берет. Бул максатта, чын куран айынын 2де Түркестан шаарында Евразиялык дүйнөлүк мурас шаарларынын X эл аралык конференциясы өтөт. Ал уюмдун өнөктөштүгүнүн алкагында уюштурулат.