Көз карандысыздыктын 30 жылдыгы даңазаланган иш-чара

Көз карандысыздыктын 30 жылдыгы даңазаланган иш-чара

Өткөн тарыхын билбеген, келечегин кура албайт. Борбор калаада өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата «Улуу талаа жана казак мамлекеттүүлүгү: жаңы идеялар жана мыкты көз караштар» аттуу эл аралык илимий-практикалык онлайн конференция өттү. Иш-чарага ата мекендик жана чет элдик тарыхчылар, илимпоздор, мугалимдер жана серепчилер катышты. Бул «Эгемендүүлүктүн маданий коду» долбоорунун алкагында уюштурулган алгачкы иш-чаралардын бири.

БАКЫТЖАН ТЕМИРБОЛАТ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ – ЭЛ БАШЫ КИТЕПКАНАСЫНЫН МҮДҮРҮ:

 - Бул иш-чара Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында, Эл Башы китепканасында ишке ашырылып жаткан ири долбоордун алкагында өткөрүлүп жатат. Долбоор «Көз карандысыздыктын маданий коду» деп аталат. Аталган долбоор коомчулукту таланттуу замандаштарыбыз менен тааныштырууну көздөйт. Алардын катарына эгемендүү өлкө катары өнүгүшүбүзгө өз салымдарын кошкон жазуучулар, илимпоздор бар. Жылдын аягына чейин ушундай бир катар иш-чараларды өткөрүү мерчемделүүдө, анын жүрүшүндө биз көрүнүктүү замандаштарыбыздын жетишкендиктери менен тааныштырабыз.

Конференция жүрүшүндө белгилүү тарыхчы, профессор Бүркитбай Аягандын «Улуу эл - Алтын Ордо мамлекетинин тарыхы» аттуу эки тилдеги дарстар жыйнагынын бет ачары болду. Казак жана орус тилдеринде жарык көргөн басылманын жаңы маалыматтары Казак мамлекеттүүлүгүнүн тарыхынан кабар берет.

БАКЫТЖАН ТЕМИРБОЛАТ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ – ЭЛ БАШЫ КИТЕПКАНАСЫНЫН МҮДҮРҮ:

 - Алтын Ордонун тарыхы, жалпысынан биздин мамлекеттин тарыхынын көптөгөн барактары азыркыга чейин толук жана ар тараптуу изилдене элек. Бүгүн биз өз тарабыбыздан ушундай кемчиликтердин ордун толтуруу үчүн салымыбызды кошкубуз келет. Албетте, мамлекет үчүн, биздин мамлекеттүүлүгүбүз үчүн.