100 үй-бүлө жаңы конуштуу болду

100 үй-бүлө жаңы конуштуу болду

Кызылорда шаарындагы 100 үй-бүлө Туңгуч Президент күнүнүн алдында турак жайга ээ болушту. «Турак жай курулуш сактык банкынын» аманатчыларына жаңы батирлердин ачкычтарын облус акими Гүлшара Абдикалыкова  салтанаттуу түрдө тапшырды. Үйлүү болгондордун катарында аскер кызматкерлери, мугалимдер, дарыгерлер жана маданият тармагындагылар бар. Бибигүл Садыкова - Кызылжарма айылындагы мектептин мугалими. Ал 2 жылдан бери «Турак жай курулуш сактык банкында» депозит ачып, үй сатып алуу үчүн акча топтогон.

Бибигүл Садыкова, шаар тургуну:

- 3 бөлмөлүү батир. Биринчи кабат, үй жылуу, кенен, жакшы ремонттолгон. Жаш үй-бүлө болсо батирди ижарага алганга караганда, баштапкы төлөм менен үй сатып алган жакшы деп ойлойм.

«Турак жай курулуш сактык банкы» аркылуу быйыл 1200 кызылордалыктар өз чарчы метрлерине ээ болушту. Бүгүн да 3 көп кабаттуу үй пайдаланууга берилип, 100 үй-бүлө жаңы конушту болушту. Короодо балдар аянтчасы, видео байкоочу камера жана домофон орнотулган. Жаңы курулган кичи райондо университет, мектеп, бала бакча, музей жана Жаштар борбору жайгашкан.

Адилжан Саулебаев, «Турак жай курулуш сактык банкы» Кызылорда облустук филиалынын мүдүрү:

- Мындан ары үйлөр ушул сол жээктен берилет. Ал эми биздин жергиликтүү куруучулар аркылуу 12 миллион теңгеден ашпаган Шаңырак 5-10-20 программасы алкагында дагы үйлөр берилет.

Облус акими үй ээлерин куттуктап жатып, жыл аягына чейин Кызылорда шаарында дагы 720 батир пайдаланууга берилерин билдирди. Белгилей кетсек, акыркы жылдары облус борборунда турак жай курулушу күч алып, 9 миңге жакын кызылордалыктар турак жайга ээ болушту.
 
 
Фото: kn.kz