Түркестан – түрк дүйнөсүнүн руханий борбору

Түркестан – түрк дүйнөсүнүн руханий борбору

Түркестан – кылымдарды карыткан тарыхы бар касиеттүү жер, Европа жана Азияны байланыштырган Улуу Жибек жолунун кан тамыры, Казак хандыгынын борбору болгон ыйык шаар. Эгемендүүлүк алган жылдардан баштап Түркестанды калыбына келтирүү, түрк элдерине орток руханий борбор даражасына ылайыктуу кылуу жогорку деңгээлге көтөрүлдү. 2018-жылы Түркестан облус борбору макамын алды. Бүгүнкү күндө шаар жаңыланып, өзүнүн өзгөчөлүгүн сактап калды. Ал эми быйыл түрк тилдүү мамлекеттердин бейрасмий саммитинде Түркестан түрк дүйнөсүнүн руханий борбору деп жарыяланды. Бул түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын тереңдетип гана тим болбостон, шаардын өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, дейт Эл башы китепканасынын мүдүрү Бакытжан Темирболат.

Бакытжан Темирболат, Казакстандын Туңгуч Президенти Эл Башы китепканысынын мүдүрү:

- Ушул жылдын жалган куран айында өткөн бейрасмий саммит түрк тилдүү мамлекеттерди кызматташуунун жаңы деңгээлине алып чыкты. Белгилүү болгондой, саммиттин жыйынтыгында Түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачкан Түркестан Декларациясы кабыл алынды. Мындан тышкары, Түрк Кеңешинин өткөн саммити түрк тилдүү мамлекеттердин өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биринчиден, түрк өлкөлөрү тыгыз маданий-гуманитардык жана экономикалык кызматташтыкка ээ. Бүгүнкү күндө жаңы бийиктиктерге жетүү үчүн тарыхый мүмкүнчүлүк бар. Бирок ал үчүн биз өткөндү унутпашыбыз керек. Себеби, тарыхты эстебеген адамдын келечеги бүдөмүк.

Дархан Кыдырали, Эл Аралык Түрк академиясынын президенти:

- Жакында эле Түркестан түрк дүйнөсүнүн руханий борбору болуп бекитилди. Мурда биз аны казак тарыхында ыйык шаар деп атап келгенбиз, эми Түркестан - бүткүл түрк дүйнөсүнүн руханий борбору аталып отурат. Бул жерде албетте Эл Башы Н.А.Назарбаевдин эмгеги зор экендиги белгилүү. Мындан тышкары, саммитте Президент Касым-Жомарт Токаев Түркестандын руханий, маданий жана экономикалык, социалдык дараметин жогорулатуу боюнча тапшырмаларды берди. Бүгүнкү жолугушуу ушул саммиттин тапшырмаларын ишке ашырууга жана Түркестанды даңазалоого, анын түрк дүйнөсүндөгү ордун тактоого кызмат кылат деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков