Өзбекстан-Казакстан: Соода жүгүртүү 10 млрд долларга жетет

Өзбекстан-Казакстан: Соода жүгүртүү 10 млрд долларга жетет

Казакстан менен Өзбекстан жалпы наркы 1 миллиард долларды түзгөн 21 жаңы долбоорду ишке ашырууну көздөөдө. Белгилей кетсек, буга чейин тараптар өндүрүш багытында 156 миллион АКШ долларына бааланган 12 долбоорду ишке ашырган. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Астанада ушул жана башка экономикалык жана социалдык максаттар үчүн жаңы демилгелерди иштеп чыкты. Акыркы жылдарда Борбордук Азия чөлкөмүндөгү маанилүү өнөктөштөрдүн соодасы туруктуу түрдө 4 миллиард доллардан ашып келет. Максат бул темпти жоготпостон эки тараптуу соода жүгүртүүнү 10 миллиард долларга чейин жеткирүү. Буга чек арада быйыл курулушу баштала турган Эл аралык өнөр жай кооперация борбору таасир этет. Суу-энергетикалык комплекстин айланасында да биргелешкен долбоорлор пландаштырылган. Эки өлкөнүн транзиттик дараметин арттыра турган жаңы темир жолдорду курууга өзгөчө көңүл бурулууда. 

 

Мурат Нуртлеу, тышкы иштер министри: 

 

- Биз өзбекстандык жүк ташуучулар үчүн чек арадан өтүүнү жеңилдетүү боюнча конкреттүү кадамдарды жасоо тууралуу макулдашууга жетиштик. Мен казак тараптын бул маселелерди жалпы кызыкчылыктардын көз карашынан кароого жана аларды биздин кызыкчылыктарга ылайык чечүүгө даярдыгын белгилеп өттүм. Алардын ичинен чек ара бекеттерин көбөйтүү жана жаңы жол куруу боюнча келишимге жетиштик. 

 

Бахтиёр Саидов, Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри: 

 

- Биздин мамлекеттердин транспорттук жана транзиттик дараметин жогорулатуу биздин алдыбызда турган актуалдуу маселелердин бири. Ошондой эле, чек ара бекеттерин модернизациялоо, алардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, бажы жана башка кызматтарды санариптештирүү маселелерине да кеңири токтолдук 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков