ЭВФ: Борбор Азия өлкөлөрү COVID-19дан кийин экономикасын калыбына келтире алабы?

COVID-19 илдетинен улам келип чыккан экономикалык каатчылык быйылкы жылы дүйнөлүк экономиканын 4,4 пайызга кыскаруусуна жана кийинки жылга карата өндүрүштүн 11 триллион долларга төмөндөөсүнө алып келди. Эл аралык валюта фондунун акыркы божомолдоолору мына ушундай.

Жыл сайын өтүүчү жолугушуунун жүрүшүндө Эл аралык валюта фондунун  бөлүштүрүүчү мүдүрү Кристалина Георгиева дүйнөлүк экономиканын калыбына келүүсүнө бир топ убакыт талап кылынаарын айтты. Мындан тышкары, Эл аралык валюта фонду Жакынкы Чыгыш менен Борбор Азия үчүн жаңыланган экономикалык божомолдоосун жарыялады. Ушул жана башка божомолдоолорду талкуулоо үчүн бүгүн Вашингтондон Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча департаментинин мүдүрү Джихад Азур мырза байланышка чыкты.