Темир жол аркылуу жүргүнчү жана жүк ташуу темпи артты

Темир жол аркылуу жүргүнчү жана жүк ташуу темпи артты

Казакстанда үчтүн айында темир жол аркылуу жүргүнчүлөр жана жүк ташуу бир кыйла өстү. Эки багыт боюнча да өсүш көлөмү 6% түздү. Жалпысынан бир айдын ичинде темир жол менен 1 миллион 800 миң жүргүнчү өткөн. Ал эми быйылкы жылдын алгачкы айында 32 миллион тонна жүк ташылды. Energiprom.kz порталынын маалыматында, шаар аралык темир жол каттамдары боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу тармагынын негизги капиталына салынган инвестициянын көлөмү болжол менен 48 миллиард теңгени түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,3%га көп. Бул жаатта сектордогу эң жогорку көрсөткүчтү Түндүк Казакстан облусу көрсөтүп жатат. Анда өнөр жайга 28,5 миллиард теңге салынган. Райондун үлүшү жалпы мамлекеттик көрсөткүч көлөмүнүн 59,8% түзөт. Алдыңкы үчтүктүн катарына Караганды менен Жетису облустары кирди. Ал эми темир жол жүк ташуу тармагынын негизги капиталына инвестиция тартууга келсек, өткөн жылы бул көрсөткүч 239 миллиард теңгеге жеткен. Бул багыттагы өсүш 2,4 эсе болду. Каражаттын негизги бөлүгү Астана шаарына туура келет. Бул 78% же 188 миллиард теңге дегенди билдирет. Акмола облусунда да бир кыйла өсүш катталган. Калган каражаттар өлкөнүн 8 облусуна тиешелүү. 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков