Астанада жарандарды кабыл алуу борбору ачылды

Астанада жарандарды кабыл алуу борбору ачылды

Казакстандыктар үчүн мындан ары көйгөйлөрү менен ар бир министрликтин эшигин каккылап, анын босогосун аттоо кажет эмес. Жакында борбордук мамлекеттик органдардын эл менен иштөөчү бирдиктүү борбору түзүлдү. Министрликтин бардык өкүлдөрүн эми жаңы ачылган Жарандарды кабыл алуу борборунан тапса болот. Ал жакка келген жарандар өз арыздарын каалаган мамлекеттик органга берип, тармактык адистерден, юристтерден, медиаторлордон кесипкөй кеңеш ала алышат. Ошондой эле, биринчи жетекчилердин жеке кабыл алуусуна жазылуу мүмкүнчүлүгү бар жарандарды кабыл алуу графиги алдын ала Өкмөттүн сайтында жарыяланат. Ошол эле учурда облустун тургундарынын борборго келүүсүнүн зарылдыгы жок. Мамлекет менен коомду байланыштырган жаңы шартта конуштагы элдин жол, убакыт көйгөйлөрүн чечүүнүн заманбап ыкмалары ишке ашырылган.

Айман Исабаева, жарандарды кабыл алуу борборунун башчысы:

Жарандар арыздарын  «eOtinish» бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу бере алышат. Алыскы аймактарда жана башка шаарларда жашаган жарандарыбыз мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилерине кабыл алуу үчүн онлайн каттоодон өтсө болот. Жолугушуу өзү онлайн режиминде өтөт. Видеоконференция байланышы бул имаратта жайгашкан үч конференц-зал аркылуу өтөт. Бул борбордо жарандар электрондук санариптик кол тамгасы болгон шартта санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүү принцибинин негизинде кызматтын 1200дөн ашык түрүн ала алышат.

Белгилей кетсек, борбордун түзүлүшү өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевдин демилгеси менен «Элдин үнүн уккан мамлекет» концепциясын ишке ашыруу боюнча масштабдуу иштердин уландысы болуп саналат. Ага чейин арыздарды кароодо мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган Административдик процесстик кодекс күчүнө кирген. Андан соң аймактарда арыздарды кароону көзөмөлдөө бөлүмдөрү иштей баштады, административдик соттор системасы түзүлдү, eOtinish бирдиктүү маалыматтык системасы жана башкалары ишке кошулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков