Казакстан-Кытай: Соода өнүгүп, инвестициялар өсүүдө

Казакстан-Кытай: Соода өнүгүп, инвестициялар өсүүдө

Казак-кытай мамилелери жигердүү өнүгүп жатат. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев менен Си Цзиньпиндин Бээжиндеги сүйлөшүүсүндө айтылды. Бардык багыттар боюнча натыйжалуу мамлекеттер аралык кызматташтык жолго коюлган. Өз ара товар алмашуу күч алууда. Соода ийгиликтүү өнүгүп, инвестициялар олуттуу өсүүдө. Азыркы учурда жалпы инвестициянын көлөмү 20 миллиард доллардан ашкан 50дөн ашык биргелешкен долбоор ишке ашырылууда. Ошондой эле, тараптар мунай-газ, мунай-химия, энергетика, каржы, транспорт жана транзит, атомдук өнөр жай, унаа жасоо, туризм, электрондук коммерция жана жогорку технологиялар тармактарында ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- 2024-жыл Кытайда Казакстандын туризм жылы деп жарыяланды. Бул тармак үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Өз ара маданий-гуманитардык байланыштар үчүн жакшы шарттар түзүлүүдө. Мен Казакстандын да, Кытайдын да мамлекеттер аралык мамилелерин жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептейм. Урматтуу Төрага Си Цзиньпин, учурдан пайдаланып, сизди келерки жылы Казакстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырам.

Казакстандын Президенти Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын “Бир алкак, бир жол” III эл аралык кызматташтык форумуна катышууга чакыруусун кубануу менен кабыл алганын билдирди. Мамлекет башчысы Казакстан  бул глобалдык демилгени алдыга жылдырууга жигердүү катышып келе жатканын айтты. Өз кезегинде КЭР Төрагасы мамлекет башчысына чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Си Цзиньпиндин айтымында,  Кытай Казакстандын эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформаларды толук колдойт.

Си Цзиньпин, КЭРнын Төрагасы:
- Туруктуу жана интенсивдүү казак-кытай мамилелери эки өлкөнүн ортосундагы өз ара ишенимди бекемдеп, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү колдоодо тайманбастык менен аракеттенүүгө жардам берет. Эл аралык кырдаал кандай өзгөрбөсүн, Кытай менен Казакстан алгачкы позицияларынан тайбай, бири-бирине жардам беришет. Биздин өлкөлөр ортосундагы достук мамилелердин жылдарында биз түбөлүктүү жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзө алдык. Мен мындан 10 жыл мурун “Бир алкак, бир жол” долбоорун Казакстанда көтөргөм.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Казакстан менен КЭР бир катар документтерге кол коюшту. Бул жаатта Транскаспий эл аралык транспорттук багытын, анын ичинде Кытай-Европа багыты боюнча контейнердик поезддерди өнүктүрүү боюнча макулдашуу бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков